7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн №166 автобус каттамга чыкты

477

Бүгүндөн тартып №166 автобус каттай баштады. Буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт.

Маршруттун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана «Алтын Ордо» конушунда жайгашкан. Бул линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

 

478