Чүй облустук милиция дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдарбай кызы Тахминага издөө салат. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү саат 11:00лөр чамасында 2004-жылы туулган Тахмина Сокулук районунун Ала-Тоо конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160 см, орточо дене түзүлүштөгү, кара-тору.
Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим.
Милиция Айдарбай кызы Тахминанын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу 0312 60-75-67, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 кайрылып коюңуздарды суранат.