Чүй облусунун Аламүдүн районунда окуучулар арасында курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун күчөшүнөн улам алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу 7-каналга Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Төмөнкү мектептер убактылуу жабылды:
- Жогорку Ала-Арча орто мектеби;
- Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби;
- №1 орто мектеп;
- №2 орто мектеп;
- Ж.Бердыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп.