7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лионель Мессинин футболист болуп калышына чоң энеси себепкер болгон

666

Лионель Месси заманбап футболдун эң мыкты оюнчуларынын бири. Карьерасын баштагандан бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн өжөрлүгү жана оюн талаасында мыкты чабуулдарды жасагандыгы менен күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында төрөлгөн.  Бул макалада Лионель Месси тууралуу кызыктарды айтып беребиз.

  1. Атасы Хорхе Орасио жергиликтүү темир заводдо иштеп, бош убактысында жаштардын футбол командасын машыктырган. Апасы Селия Мария тейлөө тармагында иштеген.Үй-бүлөдө эки агасы жана бир эжеси бар.  Чоң энеси 5 жашында  «Грандоли» үйрөнчүк клубуна алып келип, баладан таланттуу футболчу чыгат деп футболго ишендирген.Командада  бир бала катышпай калып, анын ордуна Месси чыгып ойносун деп чоң энеси суранган. Футбол талаасында небереси баарын таң калтырган. Анын  футбол ойноп калышына чоң энеси себепкер болуп, ар дайым колдоо көрсөткөн.
  2. 11 жашында өсүү гормону менен көйгөйлөргө туш болуп, дененин өнүгүүсүн өсүшүн толук токтоп калышына алып келген оору менен ооруган. Ата-энеси ооруну дарылоо үчүн ай сайын 900 доллар коротушкан. Үй-бүлөсүнүн аракети менен Мессинин ден соолугу калыбына келген.
  3. 2000-жылы  Испанияга көчүп келип , Барселонанын жаштар командасында ойной баштаган. Биринчи беттеште 4 гол киргизип покер жасап, кийинки 30 оюнда атаандаштарынын дарбазасына 37 топ киргизген.
  4. Мессинин Барселона менен болгон алгачкы келишими салфеткага жазылган. Футболчунун атасы  тез арада келишим түзүүнү талап кылып,  Барселонанын спорт директору Карлес Рексач официанттан күбөлөндүрүү үчүн кагаз сураган.  Эмгек акы боюнча , милдеттери боюнча жана Мессинин бардык медициналык төлөмдөрүн каржылоо боюнча келишимге эки тарап тең  салфеткага кол коюшкан, ал азыр клубдун музейинде сакталып турат.
  5. Спортчунун биринчи сүйүктүүсү өзүнүн кичи мекенинен болгон.  Алар мектеп убагында бир жылдай сүйлөшүп, Месси көчүп кеткенине байланыштуу сүйлөшпөй калышкан. Андан кийин спортчу модель Лусиана Салазар менен мамиле курган. Бирок ал биринчи сүйүүсүн унута албай койгон.  Антонелла Рокуццону кичинекей кезинен тааныган, ал Мессинин жакын досунун карындашы болгон. Кичүү кезинде бул кыз менин жубайым болот деп айткан экен. Алар 2009-жылдан баштап кайра сүйлөшүп, баш кошушкан. 2012-жылы ноябрда алардын тун уулу Тиаго, ал эми 2015-жылдын сентябрында — Матео экинчи уулу , 2018-жылы үчүнчү баласы төрөлүп ысымын Чиро деп аташкан.
  6. Лионель аутизм менен ооруган балдардын муктаждыктарына каражат болуп  берип турат.
  7. Япониялык зергер Танака Мессинин сол буту көчүрмөсүн  алтындан жасаган. Анын салмагы 25 кг болуп, аукционго коюлган. Алтын бут 5,25 миллион долларга бааланган. Сатуудан түшкөн каражат Тохокудагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө кайрымдуулукка жумшалган.
  8. Месси дүйнөдөгү экинчи эң бай футболчу. Анын байлыгы 180 миллион долларга бааланган. Биринчи орунду 230 миллион доллар байлыгы менен Криштиану Роналду ээлейт.
  9. Мессинин бою 1, 70см.
  10. Спортчу ЮНИСЕФтин элчиси жана ал оор дартка чалдыккан балдарга жардам берүү үчүн «Лео Месси» кайрымдуулук фондун негиздеген. Фонд оорулуу балдардын дарылануусуна, транспортуна, өзгөчө муктаждыктарына жана айыктыруу жана реабилитациялоонун ар кандай ыкмаларына төлөөгө көмөк көрсөтөт.
  11. Ал бала кезинен тарта уялчаак жана боорукер , көп маанилүү нерселерди кат аркылуу талкуулаганды жакшы көрөт. Гол киргизгенде өзүн өтө токтоо алып жүрөт. Ал маркум чоң апасынын элесине колун асманга көтөрүп , ыраазычылык билдирип, аны көрүп турат деп ишенет.  Чоң энеси анын жашоосунда абдан маанилүү адам болгон.
  12. Бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрөт. Үйүндө олтуруп  PlayStation ойногонду жана «фруктовый вино» жасаганды жакшы көрөт.
  13. Месси 2013-жылы өзү туулуп-өскөн шаарындагы балдар ооруканасын оңдоп-түзөөгө бир миллион долларга жакын каражат бөлгөн. Бул акчага жаңы онкология бөлүмү курулган.
  14. Месси «Time» журналынын биринчи бетине чыккан биринчи футболчу. Бул журналда белгилүү саясатчылар жана бизнесмендер даңазаланат.
  15. 2016 — жылы Месси салык төлөөдөн качканы үчүн 21 айга эркинен ажыратып гана, бирок кийинчерээк салыкты төлөп камакка олтурган эмес .
  16. 2015 — жылы Испанияда Месси тууралуу толук метраждуу даректүү тасма чыккан жана ал дагы деле көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ.
  17. Ал 18 жылдык эмгегинин аркасынан 7 алтын топтун ээси  болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667