7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2023-жылы 13 миңден ашык адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан

611

2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «“Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо» Улуттук форумунда айтты.

«Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзүп, 32% га көбүрөөк. Алардын ичинен жабыркагандардын 95% аялдар.
Жабыркагандардын санынын көбөйүшү кооптондурат, бирок ошондой эле коомдо үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталып, иликтенип жатат деген үмүт бар.

Учурда Эмгек министрлиги жарандык сектор менен биргеликте 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигине жетишүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда, ал жакын арада кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча мамлекеттик Борборду ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо көрсөтүп келет. Эгерде 2019-2023 — жылдар аралыгында борборлорду каржылоо көлөмү 5,4 млн сомдон 7,0 млн сомго чейин көбөйтүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылы каржылоо көлөмү 7,0 млн сомдон 12,0 млн сомго чейин көбөйтүлгөн», — деди ал.

612