7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

21 жаштагы кыз ооруканада дарыгерди сабап салган

460

Буга чейин социалдык тармактарда дарыгерди жаш кыз муунтуп жаткан видео тараган. Чүй облустук милициясы окуя тууралуу маалымат берди.

Окуя 19-августта саат 04:00дө жандандыруу бөлүмүндө болгон. Дарыгерди сабаган кыз киши аныкталып, милицияга жеткирилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-августта Чүй ОИИБге 1997-жылы туулган жаран кайрылып, аны Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө аны сабап, денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранганы аныкталган. Бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция 21 жаштагы кыз ооруканага саат 01:00дө “алкоголго ууланып” түшкөнүн маалымдады. Ал 3 сааттан кийин өзүнө келип, ооруканадан кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Кыз буга ачууланып, реаниматолог дарыгерди ур-токмокко алып, андан соң ооруканадан чыгып кеткенин милиция билдирди.

Учурда кыз кармалып, “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

 

461