7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды

351

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Муну менен Бириккен улуттар уюму президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди. Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат.

Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында 79-жыйынында Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген.

Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!”,- деп берилет билдирүүдө.

Сүрөт президент Садыр Жапаров Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасынын (GSLEP) кызматкерлери менен фотокапкандарды орнотуу учурунан. Ноябрь айы, 2023-жыл.

352