Баткен облусунда мекен чегин коргоп жүрүп 23 жаштагы Агадил Канатбеков октон каза болду.
Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган.
2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып, 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.
2022-жылдын март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан 2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.
Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.