Ош шаарында үчүнчү социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ачылышка Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жолдошев, “Дармек-Фарм” ЖЧКсынын директору Зайырбек Киргизбаев, “Социалдык аптека” ЖЧКсынын директору Асел Токтомушева, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышкан.
Маалыматка ылайык, дарыканаларда майыптыгы бар жарандар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат. Карыларга 15% арзандатуу берилет. Калган жарандарга — 10%.
Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык дарыкана Курманжан датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана “Дармек-Фарм” ЖЧКсы менен биргеликте ачышкан.