7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 министрлик жана дене тарбия агенттиги жасалма 108 штат ачып алган

1738

Эсеп палатасынын аудити Билим берүү, Эмгек, Маданият министрликтеринде жана Жаштар дене тарбия жана спорт боюнча агенттикте мамлекеттик кызматкерлердин жана техникалык персоналдын «жасалма» штаттарын аныктады. Жалпысынан кызматкерлердин саны 108 штаттык бирдикке көбөйгөн.

Билим берүү министрлиги техникалык жана кенже тейлөөчү персонал деп, кошумча 63 кызмат ордун каттаган. Маданият министрлигинде 32 кызматкер ашыкча иштеп жаткан. Эмгек министрлигинде жана Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 9 жана 3 кызмат орундары ашыкча деп табылган.

«2020-жылы республикалык бюджеттен ашыкча штаттагы министрликтерди жана ведомстволорду каржылоого Социалдык фондго төлөмдөрдү эске алуу менен жалпысынан 17 млн ​​200,6 миң сом сарпталды, анын ичинде: Билим берүү министрлиги — 12 млн 128,2 миң сом, Эмгек министрлиги — 1 миллион 326 миң сом, Маданият министрлиги — 3 миллион 480 миң сом жана Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик — 236,4 миң сом”, — деп билдирди Эсеп палатасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1739