УКМК Бишкек шаарында жайгашкан административдик имаратты жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу жана ага карата колдонулган жол-жоболорду бузуу фактысын аныктады.
Тергөөнүн жүрүшүндө, административдик имарат Айыл чарба министрлигинин менчигинде болгондугу жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке берилгендиги такталган.
Аталган объекттин бөлүгүнүн ээси бул менчикке ээлик кылуунун жана пайдалануунун укукка жатпагандыгын моюндаган. Ал жалпы аянты 300 чарчы метрден ашык имараттын пайдалануудагы бөлүгүн мамлекеттин балансына кайтаруу чечимин кабыл алды.
Учурда бильярд клубу жана конок үйү иштеп жаткан имараттын экинчи бөлүгүн кайтаруу иштери улантылууда. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү калыбына келтирүү үчүн имараттын бир бөлүгү түрүндөгү мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү жөнүндө арыз менен сотто иш козголот.