Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, башы жарылган. Кырсыктын видеосу социалдык тармакка тараган.
Аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен. Учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүүдө.
Бул окуя боюнча Минкаб төрагасы бир катар тапшырмаларды берди. Кырсыктан кийин Адылбек Касымалиев коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана башкаларга коркунуч туудурган аттракциондордун ишин токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгууну тапшырды.