7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

300 миңге жакын нускада жаңы окуу китептери басылып чыкты

333

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дагы 5 жаңы окуу китептери жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 миң 630 нускада басылып чыкты.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

  • русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
  • русский язык, 8-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

  • кыргыз тили, 7-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
  • кыргыз тили, 8-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
  • русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).

Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.

334