7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов: Машыктыруучулардын кызматтан кетиши көп суроолорду жаратты…

326

Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, балбан Акжол Махмудов машыктыруучулардын кызматтан кетүүсү боюнча соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулары — Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин кызматтан кетиши мен үчүн күтүүсүз болду. Бул чечим жеке мен үчүн көптөгөн суроолорду жаратты, мойнума алам, бул кабар менин жүрөгүмө оор жүк болду. 

Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев, сиздердин жетекчилигиңиздердин алдында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду. Менин спортчу жана адам катары калыптанышыма кошкон эбегейсиз салымыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин эмгегиңиз баа жеткис жана менин жолумда силердей машыктыруучулар болгонуна сыймыктанам»,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда Кыргызстандын күрөш курамаларынын машыктыруучуларынын жалпы жыйыны өтүп, анда спорттук күрөш боюнча түрлөрүнүн улуттук курама командасына башкы жана улук машыктыруучулардын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Акжол Махмудов 🇰🇬 (@akzhol_makhmudov)

327