7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айла издесең Тилекмат акеге бар… Нарк куржундан

114

Теги – түштүгүбүздүн БАРГЫ уруусунан, өзү касиеттүү Көл кылаасында туулган.

көздү таңып үңүрдү сезген,

сөздү багып, түйүндү чечкен,

өрттүгү өрөөнгө от койгон,

акыл, айла, амалдын ээси

Тилекмат акебиз өткөн дешет…

акыл болсо, айланы да табабыз,

амал болсо, баарын түгөл алабыз,

козголбостон улуу тоонун чокусунан, коркутуп, Коконду да чабабыз!-деп жылмая жамбаштап кетчү экен, Кайран гана ДААНЫШМАН Акебиз.

Мына ошол опурталдуу мезгилде Кокондун ляшкер кушбеги: «Бугулардын башчысы алдыма келсин!!!» – деп кабар берет.

Миң тилекке ширеген эл, бир билекке бириге түшүп, журт жакшылары Боромбай, Сарт аке, Токсоба Төрө, Муратаалылар кеңеш курат. Ошондо Сарт аке: «Мындай каза аралашкан апаатта карангыда КӨЗ, капилеттен СӨЗ тапкан, КАЙРАТЫ менен АЙБАТЫ шайкеш келген Тилешим (Тилекмат аке) эле барганы оң» деген сунуш айтса, жапырт колдошот. Журт дегенде жуурканды серпип тура калчу ТИЛЕКМАТ Аке да көнөт.

Ажалга аттанып жатсам, анда мени Кан каадасы менен жөнөткүлө!

…жарым жарты жашымды берермин,

…керек болсо керттирип башымды берермин,

…айла амалым төп чыкса,

ат үстүндө келермин – деп,

Кан даражасына жараша, аземдетип алтын бастырып, күмүш чеккен, жегде жака чепкенди кийип, желиги мыкты жээрде жоргону минип, жанына тилмечти, жазгыч молдону, кумганчы, элейчи эт туурагычты, жасоолдорго жандатып, туу көтөртүп, добулбас кактырып, жезнай тарттырып, жар – жар айттырып Кокон ляшкер кушбегинин кеңсеесине жете келишет.

ӨКҮМ!!! БАСЫМ!!! Салтанат менен бастырып келген Тилекматты көргөндө,,, ляшкер кушбегинин кеби кемип, кээкери түшөт.

Алайган көзү, ачылган оозу жабыла электе, ЖАРГА ЧАПСА ЖАЛТАНБАЙ тийген, учкаяк аттарды минген улакчылар (атайын) ЧАЛА МУУЗДАП…, каны диркиреген жаны чыга элек туйлаган УЛАКТЫ таштаганда, оозунан келмеси түшүп, БЕЛИ ИЙИЛЕ, ӨЗҮ ЖҮГҮРӨ тосуп, кадырлап узатат экен.

Мына!!! Айла амалдын ашкере күчү!

Ушундай Нарктуу журттун Барктуу ЭЭЛЕРИ! жандан кечип, кылычтын мизинде найзанын учунда жашап, камчы тиштеп, калың элдин камында гана жүрүшкөн экен.

Учурда улутту ойлогон уул кыздарыбыз көп болсун!!!

 

115