7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кипрдин тургуну 319 бокалды башына көтөрүп бийледи (ВИДЕО)

459

Кипрдин тургуну башына 319 бокалды тизип бийлегенин видеодон көрүүгө болот. Ал бул өзгөчөлүгү менен Гиннесстин рекорддор китебине кирди.

Аристотелис Валаоритис жалпы салмагы 30 килограммга жакын тогуз катар тизилген 319 бокалды кармоо үчүн алгач атайын көнүгүүлөрдү жасап, мойнун машыктырган. Ал айнек конструкцияны башына 20 секунддай кармап турган. Бул минималдуу нормадан эки эсе көп. Ал эми, Рекордсмен болуу үчүн бийлөөнүн же кыймылдын кереги жок болчу.

Чет элдик ЖМКлар жазып чыккандай, 62 жаштагы кипрлик Аристотелис 1995-жылдан бери кипрдик салттуу искусство болгон айнек менен бийлеп, машыгып келет. Буга чейинки рекордду Кипрдин тургуну Нтинос Кканти багындырган, ал башына 270 бокал кармай алган, бул жаңы рекордчудан 49 бокалга аз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460