Кечээ, 22-октябрда Сириядан өлкөбүзгө дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, аялдар менен балдар «Айкөл-3» гуманитардык миссиясынын алкагында алынып келинген.
Ошонждой эле, ТИМ Кыргызстандан барган делегация өкмөттүн тапшырмасы менен Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде башкалкалап жаткандарга дары-дармек, гуманитардык жардам жеткиргенин кошумчалады.