Кипрдин тургуну башына 319 бокалды тизип бийлегенин видеодон көрүүгө болот. Ал бул өзгөчөлүгү менен Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Аристотелис Валаоритис жалпы салмагы 30 килограммга жакын тогуз катар тизилген 319 бокалды кармоо үчүн алгач атайын көнүгүүлөрдү жасап, мойнун машыктырган. Ал айнек конструкцияны башына 20 секунддай кармап турган. Бул минималдуу нормадан эки эсе көп. Ал эми, Рекордсмен болуу үчүн бийлөөнүн же кыймылдын кереги жок болчу.
Чет элдик ЖМКлар жазып чыккандай, 62 жаштагы кипрлик Аристотелис 1995-жылдан бери кипрдик салттуу искусство болгон айнек менен бийлеп, машыгып келет. Буга чейинки рекордду Кипрдин тургуну Нтинос Кканти багындырган, ал башына 270 бокал кармай алган, бул жаңы рекордчудан 49 бокалга аз.