Баткенде эки эркек киши 39 жаштагы аялды зордуктап, алтындарын тоноп кетишкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-январында түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын Султанов көчөсүнүн 39 жаштагы жаранынын (аял киши) үйүнө бет капчан, колдоруна медициналык кол кап кийген 2 белгисиз атуул кирип, ашканадагы бычак менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, эркине каршы күч колдонуп зордуктап, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери жана милициянын уполномоченныйлары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31жаштагы К.Н. Ноокат районунун 32жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын 26жаштагы Н.А.лар аныкталып кармалышты.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31жаштагы К.Н. Ноокат районунун 32жаштагы Р.Р. жарандары мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.
Азыркы учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.