7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6:6 эсеби менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогунун финалына чыкты

271

15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те старт алды.

Мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Стадник менен кез келди. Эки балбан кыз тең мыкты беттеш тартуулап эсеп 6:6 болуп, калыстар жеңишти кыргыз балбан кызына ыйгарышты.

Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогунун финалына чыкты. Финалдык беттеште кыргыз балбан кызы орусиялык Ханум Валиева менен кез келет.

Финалдык беттеш эртең, 16-декабрда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272