7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 млн сомдон ашык зыян. Тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды

767

УКМК тамеки буюмдарын жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары, анын ичинде Бишкек шаарында электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатуу каналынын бетин ачты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы эсепке алуу документтери жок тамеки буюмдары, «А.К.А.» аттуу жеке ишкерге таандык Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «R.» аталган дүкөндө сатылган товарлар табылган. Бул продукциянын жалпы суммасы 9 млн 700 миң сомду түзгөн, 620 кутуча алынып, салыктык текшерүү белгиленген.

Такталган боюнча, кармалган продуктылар бажы жана салык төлөмдөрүн четтетүү менен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталды.

Салык кодексин бузуулар аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы 6 млн 191 миң 310 сомду түзгөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, продукциянын ээлери келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыярлары менен 6 млн 191 миң сом акча каражатын чегеришти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768