7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

60 жаштагы аял телефон уурдоого шектелип кармалды

304

Чүйдүн Ысык-Ата районунда телефон уурдоого шектелип 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылдын сентябрь айынын аягында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анда жаран Кант шаарындагы соода жайлардын биринен баасы 20 миң сомдон жогору турган телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы телефон уурдоого шектелип, 60 жаштагы С.Г. аттуу аял кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү аялдын дагы бир телефон уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

305