7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

60ка жакын электр унаасы жана 100дөн ашык эко велосипеддин катышуусунда автожүрүш өтөт

595

Бишкекте 22-майда саат 16:00дөн 21:00гө чейин Ынтымак 2 паркында электр транспорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын жана ЖКККББнын колдоосу менен Electromobile.kg жана EcoBike компаниялары уюштурууда. Фестиваль “Жашыл экономика 2019-2023” өнүктүрүү жана экологиялык таза транспорт түрлөрүн жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул көчөлөрү жана Манас проспектиси боюнча автожүрүш  уюштурулат.

Жалпысынан 60ка жакын электр унаасы жана 100дөн ашык эко велосипеддин катышуусу күтүлүүдө.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул жөө жүрүштү МАИ кызматкерлери коштойт.

Фестивалда шоу-программа менен коштолот. Ошондой эле, өнөктөш компаниялар өз кызматтары жөнүндө айтып беришет жана өз продукцияларын сунушташат, дегустацияларды өткөрүшөт .

Анан  албетте, уюштуруучулар өздөрү жана электр транспортун саткан компаниялар бардыгы үчүн тест-драйвтарды өткөрүшөт. Бул фестивалдын аркасында коомдогу электр унааларына байланыштуу стереотиптер менен күрөшүүгө болот:

-эгер шаарда кубатточу жок болсо, электромобилдерди үйдөгү розеткадан кубаттоого болот.

Шаарда электр унааларын 2-3 саатта 0%дан 100%ке чейин кубаттай турган 2 тез кубаттоочу станция бар: Раззаков көчөсү  32 дарегинде жана TommiMall соода борборунун унаа токтотуучу жайында.

— бир зарядда аз чакырымда жүрөт; заманбап электромобилдер бир заряд менен 300дөн 1000 кмге чейин жүрүшөт.

— ресурстарды үнөмдөө; 100 км электромобил менен жүрүү 10-50 сомду түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596