Биринчи жолу 12 хор коллективи бир сахнада жандуу үн менен дүйнөлүк классика жана улуттук ырларды аткарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 17 — майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Достук” республикалык хор сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Байге фонду 1 млн. сом коюлган бул сынакка жалпы 10 хор коллективи катышып, алардын аткаруусунда дүйнөлүк классикадан тарта, улуттук чыгармаларга чейин аткарылды.
Алгачкы жолу уюштурулган бул сынакка Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Музыкалык педагогикалык факультетинин, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ «Музыка жана ырдоо» жана «Хор дирижерлугу» кафедрасынын, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын, Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринен түзүлгөн элдик «Арча хору», Ош мамлекеттик университети Искусство факультетинин, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайы айымдар жана аралаш хору, ошондой эле, «Барчын» Сappela хору алгачкы тарых жаралды.
Сынак хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу максатында уюштурулуп, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.
Иш- чаранын алкагында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камердик хору жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору катышып, 12 хор коллективи биргеликте, С. Юсуповдун “Кыз бала экен жылкычы”, Карл Орфф кантанта Кармина Бурана “Фортуна” жана Н. Давлесовдун “Селкинчек” (коштоо менен) ырын биргеликте аткарышты.