Жалал-Абадда 1 жашар наристе калемдин капкагын жутуп алып каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 17-май күнү болжол менен 20:00 чамасында Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнөн 102 кызматына маалымат келип түшкөн.
Анда, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын тургуну 1 жаштагы наристе үйүндө калемдин капкагын ойноп жатып, кокусунан жутуп алып, аба жетпей окуя болгон жерде каза болуп калгандыгы билдирилген.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне “Кокустук” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок каза болгон наристенин атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.