7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди

759

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди.

Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи Президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760