7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

362

 

ЫРЧЫ ЭРЛАН АНДАШЕВДИН КОНЦЕРИНЕ 35 МИҢ ДОЛЛАР ЖУМШАЛГАН
Өзү Америкада жашап, ар бир чыккан ырлары элдин сүймөнчүлүгүнө алынып келген ырчы Эрлан Андашевдин жеке концерти 21-22-октябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Ырчынын маектеринин биринде бул концертке 35 миң доллар жумшалганын билдирип, бул каражатка Америкада 2 ай трак айдамак экендигин айткан. » Жандуу үн менен ырдалган бул концертке акчаны аяган жокмун. 35 миң доллар жумшалды»,- деген ырчы. Белгилей кетсек , ырчы бул концертке мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да чакырып, ыр белек кылган.

БҮГҮН СПОРТ САРАЙЫНДА ОРТО АЗИЯНЫН МЕГА ЖЫЛДЫЗЫ КАЙРАТ НУРТАС ЫРДАЙТ

Эрлан Шүкүрбековдун продюсердик борборуна 16 жыл. Бүгүн 29-октябрьда Спорт ордосунда Орто Азиянын мега жылдызы Кайрат Нуртас ырдайт. «Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, 29-октябрь саат 19:00 дө Спорт сарайында өткөн Эрлан Шүкүрбековдун продюсердик борборуна 16 жыл болгондугана карата концертке келип кетиңиздер. Баарыңыздарды күтөбүз»,- деген ал.

ЫНТЫМАК ПАРКЫНДА ЫРДАП ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНГАН БЕГИМАЙ ТУРУСБЕКОВА УЧУРДА ЭКИНЧИ НАРСТЕНИ КҮТҮҮДӨ.

«Кудай мага эки жакшы нерсени берип жатат. Мен негизи төрөгүчө бул жаңылыкты жарыялабай эле коеюн дегем. Мен жылдыз болгонума эмес кош бойлуу болгонума аябай сүйүнүп жатам. Жолдошум бул кабарды угуп сүйүндү, «, -деген берген маектеринин биринде.

КЫРГЫЗСТАНДЫК СААДАТ ТУРУСБЕКОВА «ПРИНЦЕСс ОФ ЗЕ ГЛОБ» СЫНАГЫНДА ТОП-7ГЕ КИРДИ
Кыргызстандык модель Саадат Турусбекова «ПРИНЦЕСС ОФ ЗЕ ГЛОБ 2022″ деп аталган эл аралык сынакта «Азия Ханбийкеси» аталды. Иш-чара Түркияда өтүп , ага 20 өлкөдөн катышып, таажы жана баш байге үчүн ат салышты. Кыргызстандык Саадат Турусубекова жети сулуунун катарына кирди. «Эл аралык сынак Жогорку деңгээлде өттү. Бул менин сулуулук сынактарындагы алгачкы тажырыйбам. Кыргызстандын атын татыктуу коргоп келгениме кубанып турам. Жеңишим кыргыз элим үчүн арналат»,- дейт сулуулар сынагынын катышуучусу. Белгилей кетсек, 2019-жылы Саадат Турусбекова Инновациялык технологиялар жана экономика колледжин артыкчылык диплому менен аяктаган.

ЫРЧЫ КЛАРА АЛИБЕКОВА 40 ЖАШКА ТОЛДУ

Ырчы Клара Алибекова 27-октябарда 40 жашка толду. Клара Алибекова Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында 1982-жылы төрөлгөн. Алгач окуучулук кезинде «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ыры менен таанылып баштаган. Андан тышкары «Классташым» , «Энекем», «Сүйүү керемети» жана башка ырларды аткарып келет.

КАЗАКСТАНДА ТОЙЛОРДО КАНТИП БИЙЛӨӨ КЕРЕКТИГИН ҮЙРӨТӨ БАШТАДЫ

Социалдык тармактарда бийди үйрөтүүчү видеолор популярдуулукка ээ болуп жатат. (Тенгри лайф стайл) басылмасы социалдык тармактар аркылуу тойдо кантип бийлөө керектигин көрсөткөн жаран менен маектешкен.

Хореограф Казакстандагы тойлордо популярдуу болгон ырларга кандай кыймыл керектигин көрсөтөт. Анын айтымында, мындай видеолор 1 миллиондон ашуун көрүүнү топтойт. Видеонун астындагы пикирлер ар түрдүү. Кимдир бирөө сабактар ​​үчүн рахматын айтса, кимдир бирөө кыймылдар абдан жөнөкөй жана көнүгүүлөргө окшош экенин айтышкан.

БАЙГЕ ФОНДУ 1 МЛН СОМ. ТАЛАСТА КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТҮҮДӨ.

26-октябрдан баштап көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Аталган мелдеш Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жатат. Мелдешке Республиканын бардык аймактарынан 14 команда келип, кызуу оюн уланууда. 28-октябрь күнү аталган ат майданында 5 оюн болуп, анын ичинен 3 оюн жаштар арасында болсо, 2 оюн чоңдор арасында болгон. Белгилей кетсек, чемпионаттын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

363