7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу ымыркайга өзүнүн алтын медалын берди (ФОТО)

706

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлашты.

Олимпиада оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады. Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсүн тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрь күнү төрөлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707