7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«75 адамдын каты» саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов үй камагына чыгарылды

3

«75 адамдын каты» боюнча кармалды делген Бакытбек Жумагулов абактан бошотулуп, үй камагына чыкты. Эми ал 10-июнга чейин көзөмөлдө болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим 11-апрелде кабыл алынган.

Эске салсак, Жумагулов Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу», «Кылмышка даярдык көрүү» беренелери боюнча кармалган. Деген менен анын аты-жөнү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында жок.

Ушул жылдын 9-февралында мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.  11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.

 

4