7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук Тарых музейинде “Жеңиш музейинин” “Элдердин трагедиясы” көргөзмөсү ачылды

127
Улуттук тарых музейи имаратында Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата “Жеңиш музейинин” “Элдердин трагедиясы” аттуу көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.
Иш-чараны музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, ал өз сөзүндө көргөзмө согуштун драматизмин жана адамзат тарыхындагы оор сыноолорду терең чагылдырган долбоор экенин белгиледи. Көргөзмөнүн алкагында согуштун жана Жеңиштин хронологиясын чагылдырган экспозициялар сунушталып, иш-чара “Группа крови” көркөм тасмасын көрсөтүү менен уланды.
Ошондой эле, иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев, маданият министринин орун басары Марат Тагаев катышты. Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын элчиси Латиф Гандилов, Беларусь Республикасынын элчиси Сергей Молунов, Тажикстан Республикасынын элчиси Ализода Назирмад, Пакистан Ислам Республикасынын элчиси Хан Алтамаш Вазир, ошондой эле Россотрудничество жана “Гармония” маданий борборунун өкүлдөрү, музей кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
128