7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8-мартка карата Жалал-Абад ОИИБде айымдар сыйланды

644

8-март – Эл аралык аялдардын күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын айымдарына майрамдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн бир катар айым кызматкерлер ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чарада Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков жана Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков айымдарды келе жаткан майрамдары менен куттукташып, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Өз кезегинде майрам ээлери болгон айымдар сөз сүйлөп, мырзаларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

645