9 күндөн бери изделип жаткан 12 жаштагы өспүрүм Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 21-сентябрь күнү 2010-жылы туулган Тулемышев Кутман аттуу баласы дайынсыз болуп жатканын айтып ата-энеси кайрылган.
Ал 19-сентябрь күнү Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылындагы үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бул факты Ысык-Ата РИИБнин маалыматтарды каттоо китебине катталып, издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарынан Фрунзе-Гоголя көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубтан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.