7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну: Кыргызстандан жалпы 148 спортчу жана 30га жакын өнөр адамдары катышат

602

Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын маданият ишмерлери жана спортчулар толугу менен даяр. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө карата чыгармачылык топтор жана спортчулар Түркия Республикасына жөнөп жатышат. Жалпы оюндарга 148 спортчу оюндун түрлөрү менен катышып, 30га жакын маданият ишмерлери салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат.

«Учурда оюндарга катышуучу чыгармачыл топтор Түркияда режиссердук топ менен биргеликте даярданып жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында өтүп, Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат 18:00 башталуусу пландалууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-Бөрү жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле, кыргыз спортчулары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт»,- деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандан жалпы 148 спортчу жана 30га жакын өнөр адамдары катышат. Алар манасчы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук коюучу топ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603