7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган жарандар акысыз дарыланууда

345

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жабыркаган жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүүлүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган аймактардан (Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондору жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылы) эвакуацияланган жарандарга жана аскер кызматкерлерине мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү жеңилдетилген шарттарда кошумча төлөмсүз жүргүзүлөт. Ошондой эле, дары-дармек менен камсыздоого рецепттер Мамлекеттик кепилдиктер программасынын кошумча пакетинин алкагында жеңилдетилген негизде берилет.

«Саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы жана кайталап стационардык дарылоодон өтүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышуу маалында жабыр тарткан жарандар (жаракат алгандар) жыл ичинде кошо төлөмдөрдү төлөөдөн толугу менен бошотулат. Психологиялык жардамга муктаж болгон бардык жабыр тарткан жарандар республикалык жана областтык психиатрия жана наркология борборлорунун адистеринен квалификациялуу жардам ала алышат.

Мындан тышкары, онлайн консультациялар да берилет. Мындан тышкары, жабыркаган райондордун саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана башка артыкчылыктуу муктаждыктар үчүн, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун саламаттыкты сактоо уюмдары толугу менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бекитилген бюджетине ылайык каржыланууда»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

346