7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9 жаштагы кызга кошунасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөн деп шектелүүдө

1089

Сокулукта кошунасы 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аял кайрылган. Анын  2013-жылы туулган кызына кошунасы 2022-жылдын декабрь айынан бери адепсиз жоруктарды жасап, сексуалдык ыдык көрсөтүп келгенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин (адепсиз жорук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин тергөө учурунда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча дайындалган экспертизалардын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык процессуалдык чечим чыгарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1090