Москва шаарында туңгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин ашы өтүп, көрүстөнүнө таш белгиси орнотулду. Ага, жакындары жана туугандары катышты.
Тактоочу маалымат катары, Айдар Акаевдин көрүстөнү мусулмандардын сөөгү берилген жерде Ислам дининин шарттарына ылайык коюлган. Ал эми таш белгисинин негизи болгон шырдак кыргыз элинин колоритин чагылдырып турат.
Россия Илимдеракадемиясынын Океанология институтунун докторанты Дамир Асанов эстеликти чечмелеп, кыргыз бешигинин символикасы катары баалаган.
Эске салсак, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп каза болгон, Доктурлар аны сактап калганга үлгүрбөй калышкан. 2020-жылы 8-февралда Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуровский көрүстөнүнө коюлган.
Ал 2005-жылы Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бизнес менен алектенип жүргөн.