7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн өлкөдө ундун баасы 30-35%га кымбаттады?

943

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттик комитет жыйынында ундун кымбаттап жатканын айтып, бул маселени жөнгө салуу керектигин белгиледи.

«Эмне үчүн нан, ун кымбаттап кетти?! Нандын баасы 35- 40 сомго чыгып кетиптир. Ун 1000 сомго кымбаттады. Базарларга барып ундун кымбатташы боюнча иш алып барбайсыңарбы! Кампалар бошоп калууда. Көчөдө нан кымбаттап жатат, ушуга окшогон иштер менен алек болбойсуңарбы!»,- деди ал.

Ал эми, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев «Өткөн бейшембиден баштап казак унуна карата баа өсүп баштады. Себеби, бүгүнкү күндө Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскарды. Ошол жердеги сатуучулар кыргыз тарапка жөнөтпөй жатат. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат, өкмөткө тиешелүү сунуштарды бердик”, — деп дан азыктарынын баасынын кымбатташына түшүндүрмө берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

944