7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо конушунун жашоочуларына 3 боз үй белекке берилди

435

«Ала-Тоо» конушунун элинин суранычы боюнча иш-чараларды өткөрүү жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу  Жылдызбек Абдраимов жана  Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Жыргалбек  Шакиев үч боз үй белек катары тартуулап, эл менен жолугушушту. Жеринде көйгөйлүү маселелер  жана суроо талаптар менен  таанышышты.

Тургундар тарабынан мектепке кошумча имарат куруу, канализация түтүктөрүн өткөрүү, тазалык маселелерин чечип берүү өтүнүчү болду.

Жылдызбек Абдраимов өз сөзүндө көтөрүлгөн маселелер Ленин администрациялык районунун башчысы Жыргалбек Шакиев менен биргеликте чечилерин билдирди.

Өз кезегинде жашоочулар ыраазычылык билдиришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436