7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров балдарды олимпиадага даярдаган мугалимге 7 миң доллар тапшырды

480

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Жапаров маалыматтык технологияларды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, “Биздин мектеп окуучулары дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн катышкан 355 окуучунун ичинен эң жакшы жетишкендиктерин көрсөтүштү. Балдардын байгелүү орундарга ээ болушу – бул Жогорку технологиялар паркынын ачылышы жана колдоосу өлкөдө анын ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өсүшү жана популярдуулугу үчүн күчтүү түрткү болгонун тастыктайт.

«Сиздер азаматсыздар. Информатика боюнча олимпиадалар – бул сиздин жөндөмүңүздү жана билимиңизди текшерүү гана эмес, сиздин чыгармачыл ой жүгүртүүңүздү жана татаал маселелерди чечүү жөндөмүңүздү көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Көптөгөн таланттуу катышуучулардын арасынан эң мыктысы болдуңуздар, бул чындыгында таасирдүү жыйынтык”, — деген Акылбек Жапаров кыргыз командасынын мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушунда машыктыруучулардын өзгөчө ролун белгиледи.

Андан кийин сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоочу мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларынын сертификаты, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң доллардын сертификаты ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) Информатика боюнча 35-эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Hungary) өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандан Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбековдор катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481