7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия оюндарында жөө күлүк Сардана коло утту

496

Бүгүн, Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.

Кыздар арасында марафон дициплинасында кыргызстандык Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду. Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497