7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

483

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жаратылышы — туристтик потенциалы жагынан бир катар өлкөлөрдөн алдыда турат.

«Кудай бизге төрт мезгилди өз убагында берген. Ошол эле кезде төрт мезгилди бир убакта көрсө болот. Тилекке каршы, көп убакыттардан бери туристтерге шарттар түзүлгөн жок. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтү мөөнөтү эбак эле бүткөн. Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат.

Бүгүн, Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот. Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат. Ийгилик, жакшылыктар болсун достор!», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484