7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан жана Кытайда эки өлкөнүн маданий борборлору түзүлөт

530

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Макулдашуу Кытай Эл Республикасында кыргыз маданий борборун түзүүнү жана Кыргыз Республикасында кытай маданий борборун түзүүнү караштырат.

Көп улуттуу региондогу улуттук-маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү улуттук маданиятты жайылтуунун эң натыйжалуу куралы болот, анткени маданий борборлордун линиясы боюнча эки тараптуу алмашуу бир катар өзгөчөлүктөргө ээ, алар биринчи кезекте өз маданиятын пропагандалоо жана чет өлкөлөрдө өлкөнүн позитивдүү образын түзүү менен байланышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531