Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 49 жаштагы жергиликтүү тургуну Б.Б. кармалган.
Буга чейин, Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ШИИБге алдамчылыкка байланышкан мыйзамсыз аракеттер боюнча мыйзамдуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында, арыз ээсине3 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар шектүү адам аныкталып, кармалган. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган шектүү жаран кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана анын идеологиясын карманары, ошондой эле Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган.
Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Балыкчы шаардын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Балыкчыда кримтөбөл алдамчылыкка шектелип кармалды
