7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындык окуучу дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду

776

Нарындык окуучу Алихан Айдарбеков Венгрияда өткөн информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алихан Айдарбеков Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы Нарын лицейинин 10-класстын окуучусу.

Дүйнөлүк олимпиададан байгелүү кайткан окуучуну президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов кабыл алып, ийгилиги менен куттуктап, ыраазычылык кат жана планшет тапшырды.

Келечекте программист болууну максат кылган Алихан Европа өлкөлөрүндө билим алууну кыялданат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 7-класска чейин Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектепте билим алган.

Белгилей кетсек, аталган олимпиадага дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

777