7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бала бакчада тамакты мамлекет камсыздасын. Самыйкожо мыйзам өзгөртүлөрүн айтты

710

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирди.

“Бала бакчадагы ысык тамакты ата-энелерге жүктөлсүн деген маалымат боюнча айта кетсем. Азыр соцкомитет менен ошол нерсени алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Жогорку Кеңештин атынан айтып койсок туура болот. Мыйзамга кайра өзгөртүү киргизебиз. Бала бакчалардагы тамак берүү системасын ата-энелер төлөбөй, кайрадан мамлекетке жүктөө мыйзамына өзгөртүү сөзсүз киргизилет” –деди депутат.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилсе, анда балдардын тамагына ата-энелердин эсебинен акча алуу нормасы жокко чыгарылат.

711