7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

638

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

639