7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин өзгөчө унаалары сатыкка коюлду (ФОТО)

676

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мамлекеттин эсебине өткөн кымбат баалуу автокөлүктөрүн аукционго коюп, сатышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таянып жазып чыгышты.

Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат. Ага катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот.

Темир тулпарлардын бийлик сунуштаган баштапкы баасы:

  • 2021-жылкы BMW Alpina XB7 — 18 млн. сом;
    2019-жылкы Hyundai Genesis — 2,8 млн. сом;
    2019-жылы Kia Rio X-Line — 1,15 млн. сом;
    2017-жылкы Mercedes-Benz S600 — 25,5 млн. сом;
    2013-жылкы Mercedes-Benz G500 — 5,4 млн. сом;
    2005-жылкы Toyota Land Cruiser Prado — 1, 25 млн сом.

Белгилей кетсек, алты автоунаанын жалпы баасы азырынча 54,1 миллион сом болууда.

677