7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

533

15-ноябрда Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстандын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды. Ал Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу жаран.

Тактап айтканда, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Шектүү жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстан Республикасына чыгарылды.

 

534