7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“ЦУМ” соода борборунун жетекчилеринин бири кармалды

700

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалганын УКМКдан билдиришти.

Камчы Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, КР жараны Ж.З.О. кармалды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, адалдоо» беренеси боюнча айып тагылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтардагы бурмалоолорду жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда “ЦУМ” соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

 

701