7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо өлгөн малдын этин сойгон мал союлчу жай аныкталды

599

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан мал союлчу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып иш алып барып келген. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлиги билдирди.

“Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталды. Бул себептен аталган мал союлуучу жай ветеринардык кызматтын жетекчисинин тапшырмасы менен ишин токтотту” – деп айтылат маалыматта.

Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.

 

600